Чоң жыйырмалар саммити Сауд Арабияда өткөрүлөт
2020 - жылы ноябрь айында боло турган чоң жыйырмалардын лидерлер саммити Сауд Арабияда өткөрүлөт.
2020 - жылы ноябрь айында боло турган чоң жыйырмалардын лидерлер саммити Сауд Арабияда өткөрүлөт.
Сауд Арабиянын расмий маалымат агенттиги SPAда орун алган кабарга караганда 15 - чоң жыйырмалардын лидерлер саммити Король Селмен бин Абдулазиздин жетекчилигинде 21 – 22 - ноябрда борбор шаар Риядда өткөрүлөт.
Кабарда 2020 - жылы Сауд Арабиянын жетекчилигинде өткөрүлө турган саммиттин мүчө өлкөлөр менен карым - катнаштарды өнүктүрүүнү, күн тартибиндеги эл аралык экономикалык маселелерди чечүү жолдорун табууну жана дүйнө экономикасынын ырааттуулукка жеткирилишин максат кылгандыгы баса белгиленди.
Чоң жыйырмалардын лидерлер саммитинин биринчи жолу араб өлкөсүндө өткөрүлөрү белгиленген кабарда саммиттин экономикалык, коомдук, энергетика, экология, соода жана айыл - чарба тармактарында бир топ маселенин каралары билдирилди.
Дүйнө калкынын үчтөн эки бөлүгү жашаган чоң жыйырма өлкөлөрү глобалдык экономиканын 85 пайызын глобалдык сооданын да 75 пайызын кармап турат.
Чоң жыйырмалар Германия, АКШ, Аргентина, Австралия, Бразилия, Кытай, Индонезия, Франция, Түштүк Африка, Түштүк Корея, Индия, Британия, Италия, Япония, Канада, Мексика, Орусия, Сауд Арабия, Түркия менен бирге Европа Биримдигинен турат.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.