Кытайда Маркумдарды эскерүү күнү белгиленди

Маркумдарды эскерүү күнүндө кытайлыктар мүрзөлөргө чубап барышты.

1178798
Кытайда Маркумдарды эскерүү күнү белгиленди

Кытайда маанилүү майрамдардын бири болгон «Цинмин» б.а Маркумдарды эскерүү күнүнөн улам 3 күндүк расмий эс алууда 112 миллион зыярат ишке ашты.

Маданият жана туризм министрлигинин билдирүүсүнө караганда, 5-7-апрелдеги «Маркумдарды эскерүү күнүндө» өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 10,9 пайыздык өсүү менен 112 миллион киши  зыярат кылды.

Эс алуу күнүндөгү туризм кирешеси болсо, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 13,7 пайыз өсүп 47,9 миллиард юанга (орто эсеп менен 7,1 миллиард АКШ доллары) жетти.

Салттык Кытай календарына караганда үчүнчү айдын 14дө белгиленген Маркумдарды эскерүү күнүндө кытайлыктар мүрзөлөргө чубашат.

Жакындарынын жана досторунун мүрзөлөрүн зыярат кылган кытайлыктар, көрүстөн таштарын тазалап бетиндеги жазууларды кайрадан боешот, мүрзөлөргө гүл коюп жана аталарынын рухуна таазим кылышат. Айрыкча өлүүлөр тиги дүйнөдө ачка жана акчасыз калбасын деп мүрзөлөргө тамак-аш, суусундук жана кагаз акча таштап арча түтөтүшөт.

Маркумдарды эскерүү күнүнөн улам өлкөдө жыл сайын миллиондогон киши туулган жерине барып мүрзөлөрдү жана чиркөөлөрдү зыярат кылышат.



Тектеш кабарлар