НАТОго 70 жыл
АКШнын борбор калаасы Вашингтондо 1949-жылы 4-апрелде 12 куруучу мүчөсү менен түптөлгөн НАТО, 70 жылдан кийин 29 шериктеши менен жолун улантууда.
Эл аралык аренада эң узун өмүрлүү аскердик жана коргонуу шериктештиги катары алдыңкы планга чыккан НАТОго 70 жыл толду.
АКШнын борбор калаасы Вашингтондо 1949-жылы 4-апрелде 12 куруучу мүчөсү менен түптөлгөн НАТО, 70 жылдан кийин 29 шериктеши менен жолун улантууда.
Штабы Бельгиянын борбор шаары Брюсселде орун алган НАТО, Түндүк Македониянын да кошулуусу менен 30 мүчөлүү шериктештик болууга даярданууда.
Негизги максатын аскердик жана саясий жолдор менен мүчө өлкөлөрдүн көз карандысыздык жана коопсуздугун кепилдикке алуу катары аныктаган НАТОну 5-берене деп билинген биргелешкен коргонуу кепилдиги өзгөчөлөнтүп турат.
Бул беренеге караганда НАТО, кол салуу же кол салуу коркутуусуна каршы мүчөлөрүн коргоону жана бир мүчөсүнө жасалган кол салууну бардык мүчөлөрүнө каршы кылынган кол салуу деп эсептеп кыймылга өтүүнү кепилдик кылат.
НАТОнун түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгынан улам Вашингтондо Тышкы иштер министрлери чогулуш өткөрүүдө.
2 күнгө созула турган жыйналышта Түркияны тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу өкүлдүк кылууда.
«НАТО чыңдалууда» темалуу отурумда делегацияларга кайрылган Чавушоглу, «Түркиянын НАТОдогу ролу жана аймактык коопсуздук» темалуу отурумда да Түркиянын шериктештиктен күтүүлөрүн түшүндүрөт.
Чавушоглу, америкалык кесиптеши Майк Помпео, Өкүлдөр палатасынын ташкы байланыштар комитетинин жетекчиси Эллиот Энгель жана айрым эл өкүлдөрү менен да жолугушат.
Күн тартипте басымдуу түрдө Түркиянын Орусиядан ала турган С-400 жана АКШдан ала турган F-35 темалары каралат.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.