Германияда учак кырсыкка учурады

Кырсыкта учактагы 3 киши каза болду.

1174584
Германияда учак кырсыкка учурады

Германиянын Гессен аймагына караштуу Эрцхаузен шаарынын жакындарында бир кичинекей учактын кырсыкка учурашы менен 3 киши каза болду.

Түштүк Гессен коопсуздук директорлгунан берилген маалыматта учактын Эгельсбах аэропортунун жакынында бир талаага түшкөндүгү жана толугу менен өрттөнгөндүгү билдирилди бирок кырсыкка учуроо себебине байланыштуу азырынча маалымат берилген жок.

Алгачкы белгилөөлөргө караганда учкуч менен бирге эки кишинин сөөгүнүн табылгандыгы билдирилген маалыматта учакта эки орусия жаранынын бар экендигине байланыштуу маалымат алышкандары бирок сөөктөрдүн күбөлүктөрүнүн белгилениши үчүн бир канча күндүн керек экендиги билдирилди.

Немис маалымат агенттиги DPAнын кабарына караганда «Epic E 100» модлиндеги учактын Франциядан учкандыгы белгиленди.

“S7” аба жолу фирмасынын билдиргенине караганда кырсыкта каза болгондордун арасында фирма ээлеринен 55 жаштагы орусиялык ишкер аял Наталия Фильеванын да бар экендиги билдирилди.

 

 



Тектеш кабарлар