Непалда министрди ташыган тик учар кырсыкка учурады

Тик учардагы жүргүнчүлөрдүн абалы белгисиз.

1153755
Непалда  министрди ташыган тик учар кырсыкка учурады

Непалда араларында маданият, туризм жана жарандык авиация министри Рабиндра Адхикари да болгон 6 кишини ташыган тик учар тоолуу бир аймакта кырсыкка учурады.

"The Himalayan Timesтын" кабарына караганда министр Рабиндра Адхикарини ташыган тик учар Таплеюнг аймагында жоголгондон бир канча убакыттан кийин кырсыкка учурады.

Тик учарда учкуч жана Адхикари менен бирге 5 жүргүнчүнүн да бар экендиги белгиленди. Таплеюнг аймагынан бир жетекчи тик учардын жоголгондугу жарыялангандан кийин аймак калкынын катуу үн уккандыгын, андан кийин чыккан түтүн менен өрттүн чыккандыгын көргөндүгүн билдирди. Тик учардагы жүргүнчүлөрдүн абалы белгисиз.



Тектеш кабарлар