Жеффри - Барзани жолугушуусу

Ирак күрт аймактык башкаруусунун мурунку башкаруучусу Месут Барзани менен АКШнын Сирия атайын өкүлү Жеймс Жеффри Сириядагы акыркы абалдарды карап чыгышты.

1149886
Жеффри  - Барзани жолугушуусу

Ирак күрт аймактык башкаруусунун мурунку башкаруучусу Месут Барзани менен АКШнын Сирия атайын өкүлү Жеймс Жеффри Сириядагы акыркы абалдарды карап чыгышты.

Барзанинин офисинен берилген маалыматка караганда Барзани Эрбилдин Салахаддин кыштагындагы турак жайында Жеффринин жетекчилигиндеги АКШ делегациясы менен жолугушту. Маалыматта Жеффри менен  Барзанинин аймактын жана Ирактын саясий абалы менен бирге Сирядагы акыркы абалдарды карап чыгышкандыгы белгиленди.

Террордун аймактын коопсуздугуна карата коркутууларды пайда кылгандыгына көңүлдөрдү бурган маалыматта Барзани менен Жеффринин террор менен күрөшүүнүн маанисине токтолгондугу билдирилди.

Жеффри террор менен күрөш жана аймактын ырааттуулугунун АКШнын алдыңкылыктарынын арасында орун алгандыгы билдирилди. Жолугушууда Багдат менен Эрбилдин ортосунда кызматташуунун улантылышынын маанисине басым жасалгандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар