Индияда эки учак кагылышты

Карнатака провинциясында оюн зоок коюш үчүн сыноо учуусун кылган эки учактын кагылыша кетишинин себебинен бир киши каза таап, эки киши жаракат алды.

1148643
Индияда эки учак кагылышты

Индиянын түштүк жагындагы Карнатака провинциясында оюн зоок коюш үчүн сыноо учуусун кылган эки учактын кагылыша кетишинин себебинен бир киши каза таап, эки киши жаракат алды.

Өлкөдөгү медиада орун алган маалыматтарга караганда Индиянын аба күчтөрүнүн акробатика командасынын сыноосу убагында эки учак абада кагылыша кетти.

Полиция кызматы учактардын кагылышуусунун себебинен бир учкуч набыт болгонун белгилеп, эки учкучтун  парашют менен секирип жаракат алып кутулганын билдирди.

Өлкөнүн түштүгүндөгү Бенгалуру шаарында ушул айдын башында билим берүү үчүн учкан учактын кулап түшүшүнүн себебинен эки учкуч каза тапкан.


Этикеткалар: #Индия

Тектеш кабарлар