Кытайдын вице - премьери АКШга барат

Вице  - премьер Лю Си мамлекет башчысы Си Цзиньпиндин атайын күлү катары 21 – 2 2 - февралда АКШга барып, 7 -  Кытай – АКШ жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөргө катышат.

1148325
Кытайдын вице  - премьери АКШга барат

 Кытай соода министрлиги, вице-премьер Лю Синин соода сүйлөшүүлөрүнүн жетинчи жыйыны үчүн АКШга барарын жарыялады. Министрликтен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда вице  - премьер Лю Си мамлекет башчысы Си Цзиньпиндин атайын күлү катары 21 – 2 2 - февралда АКШга барып, 7 -  Кытай – АКШ жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөргө катышат.  Лю сүйлөшүүлөрдүн алкагында АКШнын казына министри Стивен Мнучин жана соода министри Роберт  Лайтхайзер менен жолугушат.

Кытайда 14 – 15 -  февралда болгон соода сүйлөшүүлөрүндө эки тараптын кызыкчылык тармагы болгон технология трансфери, интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо, салыктан бошотуу, тейлөө жана айыл  - чарба секторлору, сооданын тең салмактуулугу, аткаруу механизмдери сыяктуу тармактарда терең байланыш кургандыгы белгиленип  «негизги темаларда принципте бирдей пикирге» барылгандыгы билдирилген.

Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин да Мнучин жана Лайтхайзерди сүйлөшүүлөрдүн алкагында кабыл алып, АКШга : «Кызматташуу эки тараптын пайдасына болсо, кагылышуу баарын жаралайт. Кызматташуу мыкты жол»-, деген чакыруу салган.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпиндин Аргентинадагы чоң жыйырмалар саммитиндеги келишимдин акырында соода согуштарында 90 күндүк ок атышпоо түзүлгөн.

Лю катыша турган 7 -  сүйлөшүү жыйынынын 1 -  мартта акырына чыгып, «соодалык ок атышпоодон» мурунку акыркы жыйын болушу күтүлүүдө.

АКШда өткөрүлө турган сүйлөшүүлөрдө келишим түзүлбөсө 200 миллиард долларлык кытай товарларына салынган салык 10 пайыздан 25 пайызга чыгарылат.



Тектеш кабарлар