Согуш болгон аймактарда жокчулук тууралуу отчет

8 өлкөдө тамак  - аштын жоктугунан 56 миллион киши чукул түрдө жардамга муктаж.

1135001
Согуш болгон аймактарда жокчулук тууралуу отчет

Дүйнөлүк тамак  - аш программасы менен БУУнун тамак  - аш жана айыл  - чарба уюму жарыялаган отчетко караганда согуш жана кагылышуулар болгон 8 өлкөдө тамак  - аштын жоктугунан 56 миллион киши чукул түрдө жардамга муктаж.

Отчетко караганда Афганстан, Ортоңку Африка Республикасы, Конго Демократиялык Республикасы, Түштүк Судан жана Йеменде өткөн жылы кагылышуулардан улам тамак – аштын жоктугу өстү.

Бул беш өлкө менен бирдикте Сирия, Сомали жана Чад көлү аймагында  56 миллионго жакын кишинин чукул түрдө тамак  - аш жардамына муктаж экендиги белгиленди.

Узун мөөнөттүү согуштардын күч алышы «теңдеши жок» ачкачылык жана жокчулукка себеп болгондугу белгиленди.

Отчетто гуманитардык жардам тууралуу иштерине карата күч колдонуунун да арткандыгы, жардам уюмдарынын иштерин токтотууга мажбур болгондугу баса белгиленди. Отчетто өзгөчө Йеменде дүйнөнүн эң чоң адамзаттык кризиси болгондугу да маалымдалды.



Тектеш кабарлар