Бразилиядагы кен калдыктарын  сактоочу жайдагы кырсыкта каза болгондордун саны 58ге жетти

Кен калдыктарын  сактоочу жайдын дамбасынын кулашынын себебинен Брумадинхо шаарында орто эсеп менен 3 миң кишинин эвакуация кылынганы белгиленди.

1134299
Бразилиядагы кен калдыктарын  сактоочу жайдагы кырсыкта каза болгондордун саны 58ге жетти

Бразилиянын түштүк-батыш жагында жума күнү кен калдыктарын сактоочу жайдын дамбасы кулаган апаатта каза болгондордун саны 58 кишиге жеткени маалымдалды.

Минас-Жерайс өрт өчүргүч уюмунун жарыясында темир кенинин калдыктарын сактоочу жайдын дамбасынын кулашынан кийинки издөөлөрдө  58 кишинин жансыз денеси табылганы, акыркы тактоодо 305 кишинин дайыны чыкпай жатканы белгиленди.

Куткаруу иштери түнү менен улана турган темир кенинин калдыктарын сактоочу жайда өрт өчүргүч топтор бир автобуска жеткени маалымдалды. Автобустун ичинде канча киши болгону жөнүндө маалымат берилген жок.

Минас-Жерайстын Жарандык коргонуу институтунун басма сөз катчысы Флавио Годиньо: «Тирүү калгандардын жерлерин белгилөөгө жана аларга жетүүгө аракет кылуудабыз»,-деди.

Кен калдыктарын  сактоочу жайдын дамбасынын кулашынын себебинен Брумадинхо шаарында орто эсеп менен 3 миң кишинин эвакуация кылынганы белгиленди.

Бразилиялык кен иштетүүчү фирма Vale SAга таандык  кен калдыктарын  сактоочу жайдын дамбасынын кулашынан кийин башталган издөө-куткаруу иштерине ошол эле кенчилик фирмасына таандык жакын жердеги башка бир кен калдыктарын  сактоочу жайдын дамбасында кыйроо болушу ыктымалына карата тыныгуу берилди.

Дамбанын жумушчулар түштөнүп жаткан убакта кулаганы, куткаруучу топтордун баткакка көмүлгөн ашканага азырынча жете электигинин маалыматы берилди.

Vale SA фирмасынын жарыясына караганда кен таштандысынын Брумадинхо шаарына караштуу Вила Фертего отурукташкан жерине жеткени, шаардын айрым райондорунда жашагандардын чыгарылганы, өрт өчүргүч топторунун абадан жана кургактыктан куткаруу иштерин жүргүзүп жатканы айтылган.

 



Тектеш кабарлар