АКШ Венесуэладагы элчилигинде экинчи даражадагы кызматкерлеринин чыгуусуна жолдомо берди

АКШнын тышкы иштер министрлиги Венесуэладагы АКШ элчилигинде экинчи даражадагы расмий кызматкерлерине өлкөдөн чыгуу жолдомосун берди.

1132985

АКШ медиасында орун алган кабарларда Венесуэладагы АКШ элчилиги жана консулдуктарында кызмат кылган экинчи даражадагы кызматкерлерине өлкөдөн чыгуу жолдомосун берди бирокбиринчи даражадагы дипломаттардын кызматын улантары белгиленди.

Жолдомонун Венесуэладагы АКШ дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө иштеген 150гө жакын кызматкердин баарынын коопсуздугун түзүү кыйын болгондугу үчүн чыгарылгандыгын, ушуга карабастан борбор шаар Каракастагы элчиликтин ачык болушу улантылары билдирилди.

Министрликтин өзгөчө Венесуэлада жашаган АКШ жарандарына өлкөдөн чыгуу үчүн даяр болуулары керектиги да эскертилди.

Венесуэланын мамлекет башчысы Николас Мадуро кечээ борбор шаар Каракстагы мамлекеттик сарай Мирафлорестин балконунан миңдеген венесуэлалыкка кайрылып, АКШ Венесуэлада козголоң чыгарууга аракет кылды деген негиз менен АКШ менен бардык карым- катнаштарды токтоткондугун жана бул өлкөнүн дипломаттарынын Венесуэладан чыгып кетүүсү үчүн 72 саат убакыт бергендигин билдирген.

Тектеш кабарлар