Израиль аскерлери эки палестиналыкты жаралады
Израиль аскерлери изделип жаткан кишилерге карата бат- бат Палестина аймактарын текшерүүгө алууда.
![Израиль аскерлери эки палестиналыкты жаралады](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/ba4a/c534/cf16/5c3edcb0affb4.jpg?time=1719081303)
Израиль аскерлери басып алынган Батыш Шерианын Женин шаарына жасаган баскынында 2 палестиналыкты жаралады.
Көргөн күбөлөрдөн алынган маалыматка караганда эрте мененки сааттарда Жениндин Анзе аймагына баскын жасаган Израиль аскерлери каршы чыккан палестиналыктарга көздөн жаш агызуучу газ менен чыныгы жана пластикалык ок колдонду. Аскерлерге таш ыргытуу менен каршылык көрсөткөн аймактын тургундары унаалардын эски дөңгөлөктөрүн өрттөштү.
Саламаттык сактоо булактарынан алынган маалыматка караганда кийлигишүүнүн натыйжасында эки киши жараланды. Алардын бирөөсү чыныгы ок менен бирөөсү да пластикалык ок менен жараланган.
Палестиналыктардын ден соолугуна байланыштуу маалымат берилген жок.
Израиль аскерлери изделип жаткан кишилерге карата бат- бат Палестина аймактарын текшерүүгө алууда.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719081304)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719081304)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.