Пентагон Сириядан аскердик топторун чыгара баштады
АКШнын коргоо министрлиги Пентагон Сириядагы кээ бир аскердик топторун чыгара баштагандыгын билдирди.
![Пентагон Сириядан аскердик топторун чыгара баштады](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/1b9b/f794/9c90/5c2b044a87873.jpg?time=1719164928)
АКШнын коргоо министрлиги Пентагон Сириядагы кээ бир аскердик топторун чыгара баштагандыгын билдирди.
Пентагондон атынын билдирилишин каалабаган бир жетекчи : «Кээ бир топторду Сириядан чыгара баштагандыгыбызды ырастайм»,- деди.
Бул жетекчи операциялык санаалардан улам чыгарылган топтордун эмне экендиги же кайсы аймактардан чыгарыла баштагандыгына байланыштуу кенен маалымат берген жок.
Американын СНН телекөрсөтүүсү болсо АКШ Борбордук күчтөр командирлигинин чегинүү операциясында колдонула турган кеме жана учактарды белгилегендигин айтты. Аймактан чыгуу процесси АКШ президенти Дональд Трамптын 2018 - жыл 19 - декабрда кабыл алган чечиминен кийин башталган. Трамптын бул чечими Жим Маттистин коргоо министрлигинен кетишине жол ачкан. Маттис 1 - январда кызматынан кеткенден бир канча күн мурда АКШ армиясына чыгуу процессин баштоо жолдомосун берген.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719164928)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719164928)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.