Орусиядан БиБиСинин ДЕАШты колдоду деген ырастоо

Орусия англис БиБиСи телекөрсөтүүсүнүн террордук уюм ДЕАШка колдоо берген берүүлөрдү бергендигин ортого салды.

1123906
Орусиядан БиБиСинин ДЕАШты колдоду деген ырастоо

 

Орусия федералдык маалымттык технология жана массалык байланышты текшерүү мекемесинин билдиргенине караганда Орусияда берүүлөрүн жарыялаган БиБиСинин интернет булактарында текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө БиБиСи Орусияда эл аралык террордук уюмдардын идеологиясын берген кабарлардын бар экендиги билдирилген маалыматта кабарларда террордук уюм ДЕАШ лидери Ел Багдадинин сөздөрүнөн үзүндүлөрдүн алынгандыгын ортого салды.

БиБиСиге карата текшерүүлөрдүн жана кабарлардын Орусиядагы ашыкчалык менен күрөшүү мыйзамынын нормаларына ылайыктуулугун текшерүү улантылып жаткандыгы билдирилди.

БиБиСи Орусиянын 16 -  январга чейин басма сөз мыйзамына шайкеш келгендигин көрсөткөн документтерди Роскомнадзорго сунушташы керектиги билдирилди. Маалыматта мекеменин телекөрсөтүү каналынын программаларынын да дайыма иликтенгендиги белгиленди. Маалыматта БиБиСи телекөрсөтүүсүнө карата 14 – 31 -  январь күндөрү текшерүүнүн жүргүзүлөрү билдирилди.



Тектеш кабарлар