Орусия Израилдин Сирияга конгон жарандык учактарга коркунуч жаратуусуна каршылык көрсөттү

Орусиянын коргонуу министрлиги, Израилдин абадан жүргүзгөн кол салууларынын Дамаск жана Бейрут аэропортторуна конгон эки жүргүнчү учагы үчүн коркунуч туудурганын билдирди.

1114181
Орусия Израилдин Сирияга конгон жарандык учактарга коркунуч жаратуусуна каршылык көрсөттү

Орусия, Израилдин мурдагы күнү Дамаск жана Бейрут аэропортторуна жүргүнчү учактары конуп жатканда Сирияны абадан бомбалоосуна каршылык көрсөттү.

Орусиянын коргонуу министрлиги, Израилдин абадан жүргүзгөн кол салууларынын Дамаск жана Бейрут аэропортторуна конгон эки жүргүнчү учагы үчүн коркунуч туудурганын билдирди.

Абадан кол салуулардын кеңирисин коомдук пикир менен бөлүшкөн Коргонуу министрлигинин катчысы Игорь Конашенков: «Израилге таандык 6 А-16 согуштук учагы Ливан аба аба мейкиндигинен Сириянын территориясына абадан бомба жаадырып, эки жүргүнчү учагы үчүн коркунуч туудурду. Израиль армиясынын кол салуусу Орусияга таандык болбогон жүргүнчү учактары Дамаск жана Бейрут аэропортторуна конгон убакта болду»,-деди.


Этикеткалар: #Орусия , #Израилдин

Тектеш кабарлар