Сирияда Асад күчтөрү Манбижге кирди
Манбиждеги ишеничтүү булактардан Анадаолу агенттигине берилген маалыматка караганда, режим күчтөрүн ташыган 40 пикап, 2 танка, жүк ташыган унаалар жана зооттолгон аскер ташуучу унаалар райондун түштүгүнөн кирди.
![Сирияда Асад күчтөрү Манбижге кирди](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/494c/938d/db1b/5a7c08c9e4556.jpg?time=1719130437)
Сирияда Башар Асад режими күчтөрү, жикчил террор уюму ЙПГ/ПКК менен координациялуу түрдө Манбиж аймагына аскердик элементтерин киргизди.
Манбиждеги ишеничтүү булактардан Анадаолу агенттигине берилген маалыматка караганда, режим күчтөрүн ташыган 40 пикап, 2 танка, жүк ташыган унаалар жана зооттолгон аскер ташуучу унаалар райондун түштүгүнөн кирди.
Террордук уюм ЙПГ/ПККнын корбашчылары менен кыска жыйналыш өткөргөн режим күчтөрүнүн конвою, сүйлөшүүлөрдөн кийин райондун батыш жагында орун алган Аримах жергесине багыт алды.
ЙПГ/ПКК, Аримахтын көзөмөлүн режим күчтөрүнө калтырды.
Аримах жергеси Манбиждин батышы менен Евфрат калканы кыймылын аймагынын ортосунда орун алган фронт сызыгында турат.
Манбиждин берки аймактарында ЙПГ/ПККнын баскынчылыгы уланып жатканда АКШнын жакынкы убакта райондогу аскерлерин чыгарып кетиши күтүлүүдө.
АКШнын аскерлери, Манбиж менен борбордук жана түндүгүндө Евфрат калканы кыймылы аймагы менен фронт сызыгы абалындагы Сажу дарыясынын жээгинде жайгашкан абалда.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719130438)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719130438)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.