Жети өлкөдөн аймактык биримдик чечими чыкты

Кызыл деңиз жана Аден булуңуна жээктеш болгон 7 өлкө «аймактык биримдикти» түзүүгө чечим чыгарды.

1106235
Жети өлкөдөн аймактык биримдик чечими чыкты

Кызыл деңиз жана Аден булуңуна жээктеш болгон 7 өлкө «аймактык биримдикти» түзүүгө чечим чыгарды.

Сауд Арабиянын тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка ылайык бул чечим кечээ борбор шаар Риядда өткөрүлгөн «Кызыл деңиз жана Африка өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйынында» чыгарылды. Маалыматта Сауд Арабия, Египет, Иордания, Жибути, Сомали, Судан жана Йеменден турган катышуучу өлкөлөрдүн аймактык биримдик куруу тууралуу келишим түзгөндүгү белгиленди.

Сауд Арабиянын тышкы иштер министрлиги биримдиктин максатынын эл аралык соода жана Кызыл деңиздеги эл аралык деңиз жолун коргоо экендигин белгиледи.

Аймактык биримдик сунушун Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Адил ел  - Жубейр жыйындын ачылуу сөзүндө билдирди.

Жубейр : «Кызыл деңиз жана Африка өлкөлөрүндө курула турган биримдиктин натыйжасында экономикалык жана экологиялык коопсуздук тармактарында кызматташуу түзүлө алат жана кандайдыр бир тышкы күчтүн стратегиялык аймакта тескери бир роль ойношуна тоскоол боло алабыз»,- деди.

Риядда өткөрүлгөн жыйынга Жубейр менен бирге Египеттин тышкы иштер министри Самих Шукри, Жибутинин тышкы иштер министри Махмуд Юсуф, Сомалинин тышкы иштер министри ахмед Авад, Судандын тышкы иштер министри Ед  - дердири Мухаммед Ахмед, Йемендин тышкы иштер министринин орун басары Мухаммед бин Абдуллах ел  - Хадрами жана Иорданиянын тышкы иштер министрлигинин башкы катчысы Зейд Муфлих ел  - Лузи катышты.

Кызыл деңиз жана Аден булуңуна жээктеш болгон Араб жана Африка өлкөлөрүнүн биринчи жыйыны 2017 -  жылы 11 – 12 -  декабрда Египеттин борбор шаары Каирде өткөн.

Жыйынга Египет менен бирге Сауд Арабия, Иордания, Жибута, Йемен, Судан жана Эритрея катышкан.

 



Тектеш кабарлар