Индонезияда табигый апааттар

Табигый апааттарда бул жылы 4 миң 211 миң киши каза тапты.

1105200
Индонезияда табигый апааттар

Индонезияда бул жылы болгон табигый апааттарда 4 миң 211 киши каза болду.

Улуттук апаат агенттик башкаруусунун катчысы Сутопо Пурво Нугрохо жалпы өлкөдө 1 -  январдан  10 -  декабрга чейин болгон 2 миң 374 апаатта 4 миң 211 кишинин каза болгондугун белгиледи. Нугрохо табигый апааттарда 6 миң 940 кишинин жаралангандыгын жана 10 миллионго жакын кишинин жер которууга мажбур болгондугун айтты.

Индонезияда 28 -  сентябрда Сулавеси аралындагы Палу булуңунда болгон 7, 5 баллдык жер титирөө жана цунамиде 2 миңден ашуун киши каза болуп, 1500гө жакын кишинин да дайынсыз жоголгондугу билдирилген болчу.

«Тынч океан от чамбары» деп аталган, жер титирөө жана вулкандык муунда жайгашкан Индонезияда жылда орточо 6 миң жер титирөө болуп, муссон жамгырларынын таасири  жана тропикалык климат болгон өлкөдө жалпы бир жылдагы ашыкча жамгыр жаашынан улам бат – бат сел жана жер көчкү болду.



Тектеш кабарлар