Грузияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлүүдө

Шайлоо 1300 эл аралык мекеме тарабынан иликтенүүдө.

1096689
Грузияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлүүдө

Биринчиси 28 – октябрда өткөрүлгөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасы үчүн добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө башталды.

Үкөктөр жалпы өлкөдө саат 20:00дө жабылат, андан кийин добуштарды саноого өтүлөт.

Грузиянын Борбордук Шайлоо Комиссиясынын интернет сайтынан алынган маалыматка караганда өлкөдө 3 миллион 528 миң 658 катталган шайлоочу бар.

Шайлоо 1300 эл аралык мекеме тарабынан иликтенүүдө.

Шайлоонун биринчи турунда өкмөт колдогон көз карандысыз талапкер Саломе Зурабишвили 38, 64 пайыз жана оппозиция коалициясынын талапкери Григол Вашадзе 37, 74 пайыздык добуш алган.

 



Тектеш кабарлар