Жеффринин сөздөрү АКШнын эки жүздүүлүгүн айгинелеп турат

Жеймс Жеффри, Американын «Defense One» медиа мекемесинин жылдык коргонуу саммитинде сүйлөгөн сөзүндө АКШнын жикчил террор уюму ПЙД/ЙПГ/ПКК менен болгон карым-катнаштары жөнүндө баа берүүлөрүн жасады.

1089233
Жеффринин сөздөрү АКШнын эки жүздүүлүгүн айгинелеп турат

АКШнын Сирия боюнча атайын өкүлү, элчи Жеймс Жеффри, Сирияда кызматташкан ПЙДнын жикчил террор уюму ПККнын бул жердеги уландысы болгонун, бирок «террор уюму катары эсептебегендерин» айтты.

Жеймс Жеффри, Американын «Defense One» медиа мекемесинин жылдык коргонуу саммитинде сүйлөгөн сөзүндө АКШнын жикчил террор уюму ПЙД/ЙПГ/ПКК менен болгон карым-катнаштары жөнүндө баа берүүлөрүн жасады.

АКШлык атайын өкүлдүн Сирияда Түркия менен дагы, ПЙД/ЙПГ/ПКК менен дагы иштешүүлөрү керектиги жөнүндөгү айтымдары көңүлдү бурду.

Түркиянын, Сириянын Демократиялык күчтөрү деп аталган ПЙД/ЙПГны «ПККнын Сириядагы уландысы» катары көргөнүн, бул абалда Түркия менен дагы, уюм менен дагы  кызматташууну кантип тең салмактай ала тургандарына карата суроого Жеффри бул жоопту берди: «Бул абдан татаал. Анткени Түркиянын активдүү катышуусу, кызматташтык жана координациясы болбогондо Сирияда бүгүн кылгандарыбыздын эч бирөөнү кыла алмак эмеспиз, бирок жергиликтүү өнөктөш болбостон да өлкөнүн түндүк чыгышында жашообузду уланта алмак эмеспиз жана дагы деле жок боло элек ДЕАШ менен күрөшүүнү уланта алмак эмеспиз. Бул жергиликтүү өнөктөш, 2014-жылдан бери ПККнын Сириядагы уландысы болгон, бирок ПКК сыяктуу террор уюму деп эсептелбеген ПЙД болуп саналат. Бул тема түрктөр үчүн чоң санааркоо болуп саналат, бирок азырынча жасай элекпиз (тааный элекпиз)».

ДЕАШтын жеңилүүсүнүн Түркиянын дагы коопсуздук алдыңкы пландарынын арасында орун алышынан улам Анкаранын АКШ менен ЙПГ/ПКК ортосундагы карым-катнаштын санааркатуусун тартып жатканын айтып чыккан Жеффри: «Сирияда ДЕАШтын жеңилүүсүнөн башка саясатыбыз болушуна чечим чыгарган учурдан тарта түрктөр бизге кыйынчылык туудура баштады»,-деди.

Түркиянын АКШнын алдыңкы пландарынан бири болгон ДЕАШтын жеңилүүсү, Иран жана Иран колдогон согушкерлердин Сириядан чыгартылышы жана Сирияда саясий тынчтык процессинин башталышы алдыңкы пландарына кошулганын түшүндүргөн Жеффри, мындай улантты: «Бирок биздин Түндүк-Чыгышта калышыбыздын себебинин бул болуп болбогонуна ишенишпей жатышат. Аларга түшүндүргөнүбүз сыяктуу мунун (ЙПГ/ПКК менен кызматташуубуз) убактылуу соодалашуу болгонун айтканбыз. Дагы деле ошондой, бирок буга айрым шарттарды коштук. Муну түрктөргө түшүндүрүү жагынан ийгиликтүү боло алган жокпуз. Бул болсо биз менен түрктөр жана ПЙД/СДК ортосунда чек ара аймагында чыңалууга себеп болдууа».

Жеффри, Сирия боюнча атайын өкүлчүлүккө дайындалуудан мурда бир топ диспутта ЙПГ жана ПЙДнын «ПККнын Сириядагы уландысы экенин» айык айтып келген.

Өткөн апталарда сүйлөгөн сөзүн өзгөрткөн Жеффри, ЙПГнын «АКШ тарабынан террор уюму катары таанылбаганын» айткан жана талаштарга себеп болгон.



Тектеш кабарлар