Индонезияда кырсыкка учураган учак тууралуу изилдөө иштери токтотулду

Кырсыкка учураган учакта 189 киши болгон анын ичинен 181 киши жүргүнчү 8 кишилик экипаж.

1085674
Индонезияда кырсыкка учураган учак тууралуу изилдөө иштери токтотулду

Индонезияда 29 -  октябрда кырсыкка учураган жүргүнчү учагына байланыштуу изилдөө иштери сөөктөрдүн табылбашы менен  токтотулду.

Улуттук изилдөө жана куткаруу мекемесинин операциялар директору Бамбанг Сурйо Ажи берген маалыматында учак кырсыгынан кийин аймакта жүргүзүлгөн иликтөөлөрдө учактын  урандыларына таандык бөлүкчөлөр жана сөөктүн табылбашы менен  изилдөө иштерин токтотушкандарын жарыялады.

Ажи көптөгөн күнгө созулган изилдөөнүн натыйжасында ооруканага жиберилген сөөктөрдөн 79 кишинин күбөлгүнүн  аныкталгандыгын айтты.

Лион аба жолдорунун ар бир курмандык үчүн үй  - бүлө жакындарына 85 миң АКШ долларына жакын төлөмүнүн башталгандыгы билдирилди.

Лион аба жолдоруна таандык JT 610 каттамындагы Бионг  737 MAX 8 моделиндеги учак менен 29 -  октябрда Индонезиянын борбор шаары Жакартадан Суматра аралындагы Пангкал Пинанг шаарына баруу үчүн учкандан 13 минутадан кийин радар менен байланышы үзүлгөн болчу.

Учакта 189 киши болгон анын ичинен 181 киши жүргүнчү 8 кишилик экипаж.



Тектеш кабарлар