Орусия Европага орто аралыкка учуучу ракета жайгаштыруунун жаман натыйжалары болоорун эскертти

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу, грек кесиптеши Панос Камменос менен жолугушуусунун алдында сүйлөгөн сөзүндө, АКШнын «Орто аралыкка учуучу ядролук күчтөр» келишиминен чыгуу чечими тууралуу сереп салды.

1077945
Орусия Европага орто аралыкка учуучу ракета жайгаштыруунун жаман натыйжалары болоорун эскертти

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу, Европанын орто аралыкка учуучу ракетеларды жайгаштырган учурунда келип чыга турган жыйынтыктарын билиши жана түшүнүшү керектигин айтты.

Сергей Шойгу, АКШнын «Орто аралыкка учуучу ядролук күчтөр» келишиминен чыгуу чечими менен Европага ракета жайгаштырган учурунда мунун жаман натыйжалары боло турганын айтты.

Шойгу, грек кесиптеши Панос Камменос менен жолугушуусунун алдында сүйлөгөн сөзүндө, АКШнын «Орто аралыкка учуучу ядролук күчтөр» келишиминен чыгуу чечими тууралуу сереп салды.

АКШнын бул чечимине Европанын кандай реакция көрсөтө турганына кызыгып жаткандарын белгилеген Шойгу: «Европанын орто аралыкка учуучу ракеталарын жайгаштырган учурунда келип чыга турган жыйынтыктарды билүүсүн жана түшүнүүсүн каалайт элем»,-деди.

Шойгу, Европага орто аралыкка учуучу ракеталарды жайгаштыруу жагдайынын Европа Биримдиги жана НАТОнун алкагында кеңири түрдө каралып чыгышы сунушун кылганын айтты.

АКШ менен бул өлкөнүн Евррпага жана Ыраакы Чыгыштагы шериктештерин коргоону максаттаган «Орто аралыкка учуучу ядролук күчтөр» келишимине 1987-жылы Вашингтондо кол коюлган.

АКШнын президенти Дональд Трамптын Суук согуш мезгилинде Советтер Союзу менен кол коюлган жана ядролук согуш коркунучун азайтууга карай эң маанилүү кадамдардан бири катары баа берилген келишимди жое турганын жарыялоосу дүйнөдө санааркоо жараткан.

Трамп: «Биз келишимде калган тарап болдук жана келишимди урматтадык, бирок Орусия тилекке каршы келишимди урматтаган жок. Ушул себептен келишимди бузабыз, келишимден чыгабыз»,-деп айткан болчу.



Тектеш кабарлар