Орусиянын президенти Путинден Европага эскертүү

Орусиянын президенти В. Путин Европага жаңы ракеталар жайгаштырыла турган болсо өздөрүнүн жообунун да ошого жараша болорун айтты.

1075255
Орусиянын президенти Путинден Европага эскертүү

Орусиянын президенти В. Путин Европага жаңы ракеталар жайгаштырыла турган болсо өздөрүнүн жообунун да ошого жараша болорун билдирди. Путин Италиянын премьер  - министри Жузеппе Конте менен жолугушкандан кийин өткөргөн пресс жыйынында журналисттердин АКШнын Орточо Аралыктуу Атомдук Күчтөр келишиминен чыгуу чечимине байланыштуу берилген суроолоруна жооп берди.

Андан мурда анти баллистикалык ракета келишиминин жоюлушунан тынчсыздангандарын белгилеген Путин : «Булардын баары жоюлганда куралсызданууну чектей турган эч нерсе калбайт. Андай боло турган болсо абал менин оюмча абдан коркунучтуу болот. Курал жарышынан башка эч нерсе калбайт»,- деди.

АКШ келишимден чыга турган болсо Европа эмне кылат деген суроонун ортого чыккандыгын белгилеген Путин : «Негизги суроо бул : бул жаңы ортого чыккан ракеталар менен эмне кылат? Бул ракеталар эгерде Европага тапшырыла турган болсо албетте биз да ошого жараша жооп берүүгө мажбур болобуз. Муну кабыл алган Европа өлкөлөрү болсо өз жерлерин ыктымалдуу бир кол салууга дуушар кылгандыгын түшүнүүгө мажбур болушат. Бул ачык»,- деди.

Путин АКШнын Орточо Аралыктуу Атомдук Күчтөр келишиминин Орусия тарабынан унутулгандыгына байланыштуу бир далил көрсөтө албагандыгына да көңүлдөрдү бурду.



Тектеш кабарлар