Ф - 35 учактарынын учуулары токтотулду

АКШ күчтөрү менен эл аралык өнөктөштөр убактылуу түрдө Ф  -35 учууларын токтотту.

1067544
Ф  - 35 учактарынын учуулары токтотулду

Өткөн жумада АКШнын Түштүк Каролина провинциясында  Ф  - 35В моделиндеги аскердик учак кырсыкка учурагандан кийин АКШ жана эл аралык өнөктөштөргө таандык бардык Ф  - 35 учактарынын учушу токтотулду. Орток чабуул программасынын катчысы Жо Деллаведова : «Бардык Ф - 35 учактарынын күйүүчү май түтүктөрүндөгү  изилдөөлөр улантылып жатканда АКШ күчтөрү менен эл аралык өнөктөштөр убактылуу түрдө Ф  -35 учууларын токтотту»,- деди.

Деллаведова чечимдин 28 -  сентябрда Түштүк Каролинанын Бофорт жакындарында кырсыкка учураган Ф  - 35В учагынын улантылып жаткан иликтөөсүндө алынган алгачкы табылгалардан улам чечим чыгарылгандыгын айты.

 Катчы Деллаведова : «Учактардын күйүүчү май түтүктөрү алмаштырылат. Маселеси болбогон учактар учурулат. Иликтөөлөрдүн алдыбыздагы 24 – 48 – сааттын ичинде аякташын күтүп жатабыз»,- деди.

Бир тараптан Израиль армиясынан берилген маалыматта да Израиль аба күчтөрүнүн бардык тесттери аяктаганган чейин  колундагы F-35I  моделиндеги аскердик учатарынын учууларын токтоткондугу жарыяланды. F-35I  моделиндеги учактарда ушул кезге чейин эч кандай  техникалык бузуктуктун билдирилбегендиги белгиленди.

28 -  сентябрда Түштүк Каролина провинциясындагы деңиз жөө аскерлерине таандык Бофорт аба базасынан учкан F-35B учагы базага 8 километрдик аралыкта кырсыкка учураган.

Мунун Ф  - 35 учактарынын биринчи жолку кырсыгы болгондугу билдирилип, тик учуп жана коно алган Ф  - 35Б учактарында бир топ техникалык катаанын бар экендигине да көңүл бурулууда.

2016 -  жылы октябрь айында ошол эле базадан учкан бир Ф  - 35 Внын моторунда өрт чыккан жана учкуч базага мажбур түрдө конуп кырсыкка учуроодон кутулган.

АКШ армиясына таандык Ф  - 35Б аскердик учагы өткөн айда биринчи жолу Афганстанда бир Талибан бутасына карата колдонулган.

 

 



Тектеш кабарлар