«Майкл» бороон-чапкынынын кесепеттери

Бороон-чапкындын себебинен Алабама, Жоржия жана Флорида штаттарында 500 миң киши электр жарыгысыз калды.

1066854
«Майкл» бороон-чапкынынын кесепеттери

АКШнын Флорида штатын уруп өткөн «Майкл» бороон-чапкынынын себебинен каза болгондордун саны 2ге жетти.

Жоржиянын Семионел шаарынын өзгөчө кырдаалды башкаруу директору Травис Брукс, шаарда бир баланын бороон-чапкындын себебинен каза болгонун жарыялады.

Флорида штатында кечинде терек кулап бир киши каза болду.

Жооптуу кызматтагылар Жоржия штатына караштуу Макон шаарынын орто эсеп менен 50 чакырым түштүк-чыгышына жеткен тропикалык шамалдын «дагы деле күтүлбөгөн кырсыктарды алып келиши мүмкүн экендиги» боюнча эскертти.

Бороон-чапкындын себебинен Алабама, Жоржия жана Флорида штаттарында 500 миң киши электр жарыгысыз калды.

Жергиликтүү убакыт боюнча түштөн кийин Атлас океанына жетиши жана кургактыктан келиши күтүлгөн Майклдын бардыгы 30 миллиондон ашуун кишиге таасир тийгизиши күтүлүүдө.

Бул учурда Улуттук бороон-чапкын борбору «Майкл» бороон-чапкынынын тропикалык шамалга айланганын жарыялады.

Кечээ Флориданын жээктрине жеткен «Майкл» бороон-чапкынынын саатына 115 км ылдамдыкка түшкөнүнүн себебинен тропикалык шамалга айланганы белгиленди.

«Майкл» бороон-чапкыны жекшемби күнү Кариб деңизинде тропикалык шамал түрүндө башталып, дүйшөмбү күнү бороон-чапкынга айланган.

Бороон-чапкындын таасирлери эң оболу көрүнгөн Борбордук Америка өлкөлөрү Гондурас, Никарагуа жана Эл-Салвадордо бардыгы 13 киши каза болгон.



Тектеш кабарлар