Израиль аскерлери палестиналыктарды камоого алууну улантууда
Израиль аскерлери басып алган Батыш Шериада 7 палестиналыкты камоого алды.
![Израиль аскерлери палестиналыктарды камоого алууну улантууда](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/baca/95ed/cc80/5b0bc53e5f2fb.jpg?time=1719104491)
Израиль аскерлери басып алган Батыш Шериада 7 палестиналыкты камоого алды. Израиль армиясынан берилген маалыматта Батыш Шериананын түрдүү аймактарында түнү жүргүзүлгөн операцияларда камоого алынгандардын «террордук кыймылдарга аралашкандыгы» айтылууда. Маалыматта өзгөчө камоого алынган палестиналыктардын тергөөгө алынышы үчүн аймактагы камоо борборуна жиберилгендиги белгиленди.
Басып алынган Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста бат - бат тинтүү жүргүзгөн Израиль күчтөрү түрдүү шылтоолор менен палестиналыктарды камоого алууда. Палестинанын расмий булактарынын билдиргенине караганда Израиль абактарында 6 миң 500гө жакын палестиналык бар.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719104491)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719104491)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.