Иракта болгон жардыруулар

Жардырууларда төрт киши каза болуп, жети киши жараланды.

1064327
Иракта болгон жардыруулар

Ирактын борбор шаары Багдаттын түрдүү аймактарында болгон жардырууларда төрт киши каза болуп, жети киши жараланды. Каза болгон төрт кишинин бирөөсү аскер. Багдат коопсуздук директорлугунан лейтенант Хамит ел  - Жабиринин берген маалыматына караганда Багдаттын жыйырма беш километр батышындагы Эбу Габир кыштагында бир коопсуздук жеринде бомбанын жарылышы менен бир аскер  каза болуп, эки аскер жараланды.

Багдаттын түштүгүндөгү Эбу Дишейр районунда болгон жардырууда эки жаран каза болуп,  экөөсү жараланды. Борбор шаардын түндүгүндөгү Жукук аймагында болгон жарылууда да бир киши каза болуп, бир киши жараланды.

Багдаттын түндүгүндө автобуска жайгаштырылган бомбанын жардырылышы менен эки жаран жараланды. Жабири жардыруулардын террордук уюм ДЕАШ тарабынан жасалгандыгын, Иракта жеңилүүгө учураган уюмдун ушундай кыймылдар менен өзүн көрсөтүүгө аракет кылгандыгын айтты.

Ирактын премьер  - министри Хайдар ел  - Ибади 2017 -  жылы декабрда ДЕАШ террордук уюмдун жок болгондугун жарыяласа да уюм  андан мурда колго алган аймактардагы калган мүчөлөрүнүн жардамы менен кээ кээде кол салууларын улантууда.

 



Тектеш кабарлар