АКШдан Ф - 35 тууралуу билдирүү

Ф – 35 аскердик учагынын март айында Түркияга тапшырылышы күтүлүүдө.

1060712
АКШдан Ф  - 35 тууралуу билдирүү

Ф  - 35 орток чабуул учагы программасынын директор орун басары, корпустун адмиралы Мэт Уинтр эки Ф – 35 аскердик учактын март айында Түркияга тапшырылышы күтүлүп жаткандыгын айтты.

Уинтер Ф  - 35 программасынын офисинде журналисттерге берген маалыматында Түркиянын Ф  - 35 бешинчи муун биргелешкен чабуул учагы программасына катышуусуна байланыштуу бир өзгөрүнүн болбогондугун белгилеп : «Эки учактын 2019 -  жылдын март айында тапшырылышын күтүп жатабыз. 100 учактын тапшырылышында бир өзгөрүнүн болгондугуна байланыштуу эч бир белги жок»,- деди.

АКШнын коргоо министрлигинин бюджетинде Пентагондун 90 күндүн ичинде Түркия тууралуу Конгрессе отчет сунуш кылуу шартын эске салган Уинтер : «Отчет үчүн техникалык жана программага байланыштуу маалыматтарды бердик  жана отчет 90 күндүн ичинде тапшырылган болот»,- деди.

Түркия июнь айында эки Ф  - 35 аскердик учагын өткөрүп алган.

2002 -  жылдан бери программанын катышуучу өлкөлөрдүн арасында орун алган Түркия 100 даана Ф  - 35 аскердик учак алууга убада берүүдө.

 



Тектеш кабарлар