Трамп Кытай товарларына кошумча салык киргизди

Ак үйдүн жазуу түрүндөгү жарыясына караганда Трамп, АКШнын соода өкүлчүлүгүнө (USTR) Кытайга багытталган экинчи бажы салык пакетин ишке киргизүү буйругун берди.

1051741
Трамп Кытай товарларына кошумча салык киргизди

АКШнын президенти Дональд Трамп, Кытайдан импорттолгон дагы 200 миллиард доллардык товарга 24-сентябрдан тарта 10 пайыздык бажы салыгы киргизиле турганын жарыялады.

Ак үйдүн жазуу түрүндөгү жарыясына караганда Трамп, АКШнын соода өкүлчүлүгүнө (USTR) Кытайга багытталган экинчи бажы салык пакетин ишке киргизүү буйругун берди.

Орто эсеп менен 200 миллиард доллардык товар тууралуу сөз болуп жаткан тарифтердин бир жумадан кийин ишке ашырыла баштай турганын айткан Трамп: «Бүгүн, 7 аптага созулган коомдук пикирди маалыматтандыруу мөөнөтү, отурумдар жана кеңири талкуулоо мүмкүнчүлүктөрүнөн кийин USTRге орто эсеп менен 200 миллиард доллардык Кытай импортуна багытталган кошумча бажы тарифтерин ишке ашыра баштоо буйругун бердим. 24-сентябрда күчүнө кирет жана жылдын акырына чейин 10 пайыз деңгээлинде боло турган тарифтер, 2019-жылдын 1-январынан тарта 25 пайызга жогорулайт»,-деп айтты.

Трамп, дүйнөнүн эң чоң эки экономикасынын ортосундагы «соода согушунун» өсүүсүнө себеп боло турганы көздөлгөн жарыясында Кытайдын жооп кайтарууга барган учурунда орто эсеп менен 267 миллиард доллардык Кытайдан чыккан товарларды камтыган үчүнчү тариф пакетинин дароо күчүнө кире турганына басым жасады.

Кытай башкаруучулугуна «өлкөнүн адилетсиз соода ишке ашырууларын соңуна чыгаруу» чакырыгын жасаган Трамп, «Менин оюмча бул соода маселеси, акырында чоң урматтоом жана жакындыгым бар экенин сезген Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин жана мен тарабыман чечилет»,деген пкиририн бөлүштү.

АКШнын ушул убакка дейре таштаган коргоочу соода кадамдарына «соккуга сокку» жообун берген Пекин бийлигинин, 200 миллиард доллардык товарына таасир тийгизе турган экинчи тариф пакетине кандай жооп бере турганы кызыгуу жаратууда.

Трамп бийлиги, деңиз продукцияларынан тартып спорттук мээлейлерге чейин, табигый жана химиялык минералдардан тартып жашылча жана жемиштерге чейин, тамеки заттарынан автомобильдин дөңгөлөгүнө чейин 5 миң башка товар орун алган 200 миллиард доллардык Кытайдан чыккан товардын тизмесин 10-июлда жарыялаган.

Аты аталган тизмедеги товарларга бажы салыгы салынышынын Американын фирмаларына кандай таасир тийгизе турганын түшүнүүгө карай 60 күндүк кайра билдирүү мөөнөтү 6-сентябрда соңуна чыккан.

АКШ менен Кытайдын ортосунда «соода согушунун» башталышы катары көздөлгөн абалдар Трамп башкаруучулугунун 23-мартта импорттолгон болот жана алюминийге катары менен 25 пайыз жана 10 пайыздык кошумча салык киргизүүсү менен башталган.

Кытай, Вашингтондун болот жана алюминий товарларына карай кошумча бажы салыктарына жооп иретинде апрель айынын башында АКШдан чыккан 128 товарга 15 пайыздан 25 пайызга чейин бажы салыктарын киргизген.

АКШ башкаруучулугу айрыкча Кытайдын америкалык фирмалардын технологияларын жана интеллектуалдык мүлктөрүн ыйгарып алууга карата мыйзамсыз иш-аракеттери себеби менен жалпы 50 миллиард баасындагы Кытайдан чыккан товарга, июль жана август айларында 25 пайыздык кошумча бажы салыгын ишке ашырууну күчүнө киргизди.

Пекин башкаруучулугунун АКШнын бир гана Кытайды бутага алган бул иш-аракетине жообу кечиккен жок. Кытайдын Соода министрлиги бул чечимге жооп иретинде АКШдан импорттолгон 50 миллиард доллардык 659 товарга 25 пайыздык бажы салыгын киргизе баштады.

АКШнын президенти Дональд Трамп, 18-июнда мындан мурда жарыялаган тарифтерине Кытайдын ошондой түрдө жооп кайтарган учурунда 200 миллиард доллар баасындагы товарларга 10 пайыздык салык киргизиле турганынын буйругун берген.

АКШнын Соода департаментинин расмий көрсөткүчтөрүнө караганда өткөн жылы Кытайдан импорттолгон бардык товарлардын жалпы баасы орто эсеп менен 505,5 миллиард долларга туура келген. Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында Кытайдан импорттолгон товарлардын жалпы баасы болсо 250 миллиард доллардын айланасында ишке ашты.



Тектеш кабарлар