Сириядагы оппозициячылдар Асад режимине жооп кайтарды

Бул туурасында Эркин Сирия армиясынын курамындагы Улуттук эркиндикти камсыздоо фронтунун социалдык медиа түйүндөрүндөгү барактарынан жарыялар орун алды.

1046180
Сириядагы оппозициячылдар Асад режимине жооп кайтарды

Асад режимине караштуу согуштук учактарынын Идлиб облусунун жалпысында жүргүзгөн абадан кол салууларына каршы Сириянын Идлиб районундагы аскердик оппозициячылдар режимге таандык аскердик пункттарга ракета атты.

Эркин Сирия армиясынын курамындагы Улуттук эркиндикти камсыздоо фронтунун социалдык медиа түйүндөрүндөгү барактарынан жарыялоосунда, «Режимдин облустун жалпысында жашаган жарандарды бутага алганына каршы түрдө Хама облусундагы Танк окуу жайы базасына Град ракеталарын аттык»,делди.

Асад режими айдын башынан бери облустун жалпысында абадан жана кургактыктан кол салып 1 Жарандык коргонуу (Ак каскачандар) борборун жана 2 оорукананы аткан. Анда 29 жаран каза тапкан, 58 киши жаракат алган.


Этикеткалар: #Идлиб , #Сирия

Тектеш кабарлар