Германияда токой өртү

300 гектарга жакын аянттын өрттөнгөндүгү жана өрттүн жайылгандыгы белгиленди.

1037159
Германияда токой өртү

Германиянын Бранденбург аймагындагы Трюенбриетцен жана Ютербог шаарларынын ортосунда чыккан токой өртүнөн улам аймактагы 3 айыл бошотулду. Өлкөнүн басма сөзүндө орун алган кабарларда 300 гектарга жакын аянттын өрттөнгөндүгү жана өрттүн жайылгандыгы белгиленди.

Өрттүн кээ бир жерлерде отурукташуу аянттарына 100 метр калганга чейин барды.

Потсдам -  Миттелмарк муниципалитетинин башчысы Христиан Стеин алгачкы белгилөөлөргө караганда өрттүн бир канча жерде чыккандыгын, андан кийин ылдам түрдө 300 гектардык аянтка жайылгандыгын айтты. Стеин 300гө жакын өрт өчүргүчтүн аймакта иштегендигин белгиледи.

Трюенбриетцен муниципалитетинен берилген маалыматта эвакуацияланган айылдардын Тифенбруннен, Клаусдорф жана  Фронсдорф экендиги билдирилди.

Бранденбург аймагынын токой өрттөрү боюнча жооптуу Раймонд Енгел үйлөрүнөн чыгууга мажбур болгондордун азырынча спорт залдарында кала тургандыгын белгиледи.

 

 



Тектеш кабарлар