Эрдогандын чакырыгын Орусия колдоду
Эки өлкө улуттук акча бирдиктери менен соода жүгүртүшөт.
Президент Режеп Таййип Эрдогандын улуттук акча менен соода жүгүртүү чакырыгына Орусиядан колдоо билдирүүсү айтылды.
Кремлдин билдирүүсүндө, муну бардык өлкөлөрдө ишке ашыруу үчүн аракет кылгандары белгиленди.
Песков Түркия менен улуттук акча бирдиктери аркылуу соода жүгүртүүгө жылуу карагандарын жана бул теманын көптөн бери күн тартипте экенин айтты.
Кремлдин катчысы Песков: «Эки тараптуу соода иштеринде улуттук акча бирдиктерин колдонуу темасы, Орусия тарабынан көптөн бери эң жогорку деңгээлде күн тартибине алып келинүүдө. Президент Владимир Путин мунун мүмкүн, ал эмес ылайыктуу экенин бир канча жолу сөз кылды»,-деп айтты.
Песков улуттук акча бирдиктери менен соода жүгүртүү үчүн кылдат аракет кылгандарын айтты.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.