Түндүк Корея Америка аскерлеринин калдыктарын тапшырды

Түндүк Корея 1950 -  1953 -  жылдардагы Корея согушунда каза болгон Америка аскерлеринин калдыктарын АКШга тапшырды.

1020785
Түндүк Корея Америка аскерлеринин калдыктарын тапшырды

Түндүк Корея 1950 -  1953 -  жылдардагы Корея согушунда каза болгон Америка аскерлеринин калдыктарын АКШга тапшырды.

Корея согушунун ок атышпоого кол коюу менен токтотулушунун 65 – жылында каза болгон АКШ аскерлеринин калдыктары Түндүк Кореянын Вонсан шаарындагы Калма аэропортунан  С  - 17 Globemaster моделиндеги Америка аскердик жүк ташуучу учагы менен Түштүк Кореядагы АКШга таандык Осан аба базасына алып барылды.

АКШ мекемелери канча аскердин калдыгынын алынгандыгын билдирбестен кээ бир булактар 55 табыттын алып барылгандыгын ортого салышты.

Гаваидеги юстициялык медицина лабораториясына жиберилгенден мурда аскерлер үчүн шаршемби күнү расмий тапшыруу салтанатынын өткөрүлүшү күтүлүүдө.

АКШнын президенти Дональд Трамп социалдык бөлүшүү сайты твиттер эсебинен берген маалыматында Америка аскерлеринин калдыктарынын жакынкы убакта Түндүк Кореядан чыгарын белгилеп : «Көптөгөн жылдардан кийин бул окуя бир топ үй  - бүлө үчүн мыкты учур болот. Рахмат Ким Чен Ын»,- деди.



Тектеш кабарлар