Камерунда жер көчкү жүрдү

Нөшөрлөп жааган жамгырлар Лимбеде жер көчкүгө себепчи болуп, көп сандаган үй зыянга учурады.

1019706
Камерунда жер көчкү жүрдү

Камерундун түштүк-батышындагы Лимбе шаарында болгон жер көчкүдөн 5 киши көз жумду.

Жергиликтүү басма сөздөгү кабарларга караганда, шейшемби күнүнөн бери уланган жамгырлар Лимбеде жер көчкүгө себепчи болуп, көп сандаган үй зыянга учурады.

Өрт өчүрүүчү жана куткаруучу топтор, жер көчкүдөн зыян көргөн жолдор жана катуу жамгырдын себебинен аймакка бара албай кыйынчылык тартууда.

Камерунда 2001-жылы Лимбеде болгон жер көчкүдөн 20 киши каза таап, көптөгөн турак жай жабыркаган болчу.

 



Тектеш кабарлар