АКШнын президенти : "Орусия демократтарды колдойт"
АКШда өзгөчө демократтар Орусиянын Трамп жеңип чыккан 2016 - жылдагы президенттик жарышта шайлоого кийлигишкендиги тууралуу талаш - тартышты улантышууда.
АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын мындан кийин өлкөсүндө боло турган шайлоодо демократтардын пайдасы үчүн кийлигишүүгө аракет кылышы мүмкүн экендигин белгиледи. Трамп социалдык медиа эсеби твиттер аркылуу берген маалыматында Орусиянын кийинки шайлоого кийлигишери тууралуу эскертти.
Трамп маалыматында : «Орусиянын келерки шайлоого таасирин тийгизүү үчүн аракет кыларына байланыштуу олуттуу санааларым бар. Менден башка эч бир президенттин Орусияга каршы катуу мамиле кылбагандыгына көңүл бура турган болсок, катуу түрдө демократтарды колдошот. Эч качан Трампты каалашпайт»,- деди.
АКШда өзгөчө демократтар Орусиянын Трамп жеңип чыккан 2016 - жылдагы президенттик жарышта шайлоого кийлигишкендиги тууралуу талаш - тартышты улантышууда.
Трамп Орусиянын президенти В. Путин менен өткөн жумада Финландиянын борбор шаары Хельсинкиде жолугушууда берген маалыматтардын айынан АКШда конгресс жана медиа тарабынан катуу сынга алынган.
Өзүнүн Орусия менен жакын мамиледе экендиги тууралуу сындарга олуттуу карабаган Трамп Орусиянын президенти В. Путинди күздө Вашингтонго чакыргандыгын жарыялаган.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.