Грецияны өрт каптады...
Чыгыш Аттикадагы өрт миңдеген дөнүмдүк токой аянтын, сан жеткис үй жана автоунааны күлгө айлантты. Аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланды.
Грециядагы өрттө алгачкы белгилөөлөргө караганда 50 киши каза таап, 25и оор 150 киши жараланды.
Чыгыш Аттикадагы өрт миңдеген дөнүмдүк токой аянтын, сан жеткис үй жана автоунааны күлгө айлантты. Аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланды.
Токойлуу аянтта чыккан өрт, катуу жана улам багыт алмаштырган шамалдын себебинен Пендели, Мати, Рафина, Вучас сыяктуу дача жайгашкан жерлерин курчап, үйлөргө багытталганда өрт өчүргүчтөр бул жерлерден элдин чыгып кетүүсүн талап кылды.
Кутулуш үчүн деңиздин жээгине барган жүздөгөн кишиге жардам бериш үчүн жүгүргөн аскердик жана жарандык кемелер, Грециянын жээк коопсуздук яхталары жана атайын кайыктар, элди Рафина портуна жеткириш үчүн түнү менен каттады.
Үйсүз калган адамдардын убактылуу жашоолору үчүн Мейманканачылар биримдиги тарабынан мейманкана бөлмөлөрү берилди, аскердик жерлерге да жайгаштырылды.
Босния-Герцеговинада жүргөн Грециянын премьер-министри Ципрас сапарын жарым калтырып шашылыш түрдө Афинага кайтты.
Өзгөчө кырдаал жыйналышында тийиштүү министрлер, бюрократ жана өрт өчүрүч уюмунун жооптуу кызматкерлери тарабынан маалыматтандырылган соң Ципрас, өрттүн өчүрүлүшү үчүн бардык тез жардам командалары аймакка өткөрүлгөнүн айтты жана «Аттиканын чыгышында жана батышында бир убакта чыккан өрттөр шектентүүдө»,-деди.
Өкмөт катчысы Димитрис Жанакопулос болсо, аймакта бир убакта 15 башка жерде өрт чыкканын, катуу шамалдын болсо өрттү кыска убакыттын ичинде жайып жибергенин айтты.
Өрт кургактыктан 300дөй өрт өчүргүч, 100дөн ашуун өрт өчүрүч унаасы, жөө аскерлер жана ыктыярдуулар менен абадан болсо 7 Канадэйр учагы жана 10 тик учак менен өчүрүлүп жатканын айткан Жанакопулос, Европанын жарандык коргонуу механизминен абадан жана кургактыктан жардам колдоосу талап кылынганын айтты.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719126442)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719126442)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.