АКШ Түндүк Кореяны күнөөлөдү

АКШ БУУнун Коопсуздук кеңешинин санкция комитетине арызданды.

1011854
АКШ Түндүк Кореяны күнөөлөдү

Америка Кошмо Штаттары атомдук программасынын себебинен БУУ тарабынан эмбарго киргизилген Түндүк Кореяны «мыйзамсыз жолдор менен таза мунай сатып санкцияларды бузуп жатат» деп күнөөлөдү.

АКШ Түндүк Кореяны мунай заттарды сатып жатканы менен күнөөлөп, БУУнун Коопсуздук кеңешинин санкция комитетине арызданды.

АКШнын комиттетке жөнөткөн документинде, Түндүк Кореяга таандык танкерлердин кемеден кемеге өткөрүп берүү жолу аркылуу мыйзамсыз жолдор менен кеминде 89 жолу таза мунай сатканы белгиленип, Пхеньяндын жылдык 500 миң баррелдик мунай зат квотасынан ашканы жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин санкцияларын бузгандыгы айтылды.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин санкциялары, Түндүк Кореянын мунай зат соодасын жылына 500 миң беррель менен чектеген.

Түндүк Кореяга атомдук программасынын себебинен 2006-жылдан бери экономикалык жана аскердик санкциялар ишке ашырылууда.



Тектеш кабарлар