Трамптын НАТОну чуулдатканы...

Германиянын расмий маалымат агенттиги DPAга караганда Трамп, коргонуу каржылоолорунун арттырылбаган учурунда АКШнын шериктештиктен чыга турганы менен коркутту.

1011397
Трамптын НАТОну чуулдатканы...

АКШнын президенти Дональд Трамптын НАТО шериктештеринин коргонуу каржылоолору убадаларын орундатпаган учурунда өлкөсүнүн шериктештиктен чыга турганы боюнча коркутканы айтылды.

Германиянын расмий маалымат агенттиги DPAга караганда Трамп, коргонуу каржылоолорунун арттырылбаган учурунда АКШнын шериктештиктен чыга турганы менен коркутту.

НАТО булактарынан алынган маалыматка караганда Трамптын катуу айтымынын НАТО шериктештери менен уюштурулган отурумда тынчсыздануу жаратышынын себебинен лидерлер, Грузия жана Украина менен болгон жыйналышты убактылуу токтотту.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, 29 лидерди кезексиз отурумга чакырды.

Жыйналыштын алдында социалдык медиа барагынан маалымат бөлүшкөн Трамп, НАТО шериктештеринин коргонуу каржылоолорунда эң оболу 2 пайыздык убадаларын «дароо» төлөөлөрү керектигин белгилеп, бул чектин да 4 пайызга жогорулатылышы керектигин билдирген.

Бирок Трамп, айтымдардан кийинки маалымат жыйынында, АКШны НАТОдон чыгаруу коркутуусун кылбаганын айтты.

«АКШны НАТОдон чыгара аламын, бирок мунун кереги жок, каржылооллрду арттырууну кабыл алышты»,-деп айткан Трамп: «Кечээ бир аз катуу айттым, бирок НАТОго ишеничим толук»,-десе мүчө өлкөлөргө коргоо каржылоолорунун бөлүшүлүшү темасында «ашыкча маанайы пас» болгонун айтканын берди.



Тектеш кабарлар