Йеменде хусилер бир журналистти дагы качырышты

Хусилер өткөн жумада да Ибад Жеради аттуу бир журналистти качырган.

1005516
Йеменде хусилер бир журналистти дагы качырышты

Йемен расмий кабар агенттигинин мурунку кызматкери журналист Абдусселам ед  - Даейс борбор шаар Санада хусилер тарабынан качырылды.

Йемен журналисттер профсоюзунун билим берүү жана реаблитация комитетинин төрагасы Небил ел  - Усейди мындан мурда Йемен расмий кабар агенттигинде кызмат кылган журналист Абдусселам ед  - Даейсти кечээ кечинде Санада бир тууганынын үйүнөн качырылгандыгын айтты. Усейди Даейсти 5 кишилик хуси топтун качыргандыгын жана телефону менен камерасын алып коюшкандарын белгиледи.

Журналистти эмне себептен качырышкандары белгисиз экендигин айткан Усейди Даейстин узун убакыттан бери Йеменде басма сөз кызматкерлер учураган кол салуулардан улам иштей албагандыгына көңүлдөрдү бурду.

Хусилер өткөн жумада да Ибад Жеради аттуу бир журналистти качырган.



Тектеш кабарлар