АКШ Иранга эмнеге кысым көрсөтүүдө?
АКШнын Мамлекеттик департаментинин саясат пландоо директору Брайан Хук, АКШнын Мамлекеттик департаментинде өткөргөн маалымат жыйынында, Ирандын мунай заттарына карай санкция талаштары тууралуу маалымат берди.
![АКШ Иранга эмнеге кысым көрсөтүүдө?](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/1d9a/5598/e54e/5b3b1a870d3ec.jpg?time=1719082225)
АКШнын Мамлекеттик департаментинин саясат пландоо директору Брайан Хук, Иранга көрсөтүлгөн кысымдын максатынын ал өлкөнүн мунай зат кирешесин жок кылып Тегеран башкаруучулугунун аймактагы саясатын өзгөртүүгө мажбурлоо экенин айтты.
Хук, АКШнын Мамлекеттик департаментинде өткөргөн маалымат жыйынында, Ирандын мунай заттарына карай санкция талаштары тууралуу маалымат берди.
«Иран стратегиябыз режимди өзгөртүүгө карай эмес, ирандык лидерлердин аймактагы стратегиясын өзгөртүүгө карай»,-деп айткан Хук, Ирандын мунай заттан тапкан кирешесин жок кылууну каалагандарын баса белгиледи.
Хук: «Максатыбыз Иран режимине карай кысымды күчтөтүп сатууларын жокко чыгаруу. Глобалдык базарга таасирин эң төмөнкү деңгээлге түшүрүү үчүн иштеп жатабыз, ал эми глобалдык өлчөмдө жетиштүү мунай зат көлөмүбүз бар экенине шегибиз жок»,-деди.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719082225)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719082225)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.