Путин - Трамп үчүнчү бир өлкөдө жолугушат
Кремлдин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Юрий Ушаков Орусиянын президенти В. Путин жана АКШнын президенти Дональд Трамптын үчүнчү бир өлкөдө жолугушарын билдирди.
![Путин - Трамп үчүнчү бир өлкөдө жолугушат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/6d16/f48e/83d3/5b348bd89e47a.jpg?time=1719105218)
Орусиянын президенти В. Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамп үчүнчү бир өлкөдө жолугушат.
Кремлдин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Юрий Ушаков Орусиянын президенти В. Путин жана АКШнын президенти Дональд Трамптын үчүнчү бир өлкөдө жолугушарын билдирди.
Ушаков АКШнын президенти Дональд Трамптын Улуттук коопсуздук кеңешчиси Жон Болтон менен сүйлөшкөндөн кийин берген маалыматында пландалган Путин - Трамп саммитине байланыштуу маалымат берди.
Ушаков эки лидер жекеме - жеке сүйлөшө туган, бирдикте эрте мененки тамакты жегенден кийин пресс - жыйын өткөрүшөрүн белгиледи.
Ушаков Путин менен Трамптын таштала турган кадамдарын камтыган эл аралык коопсуздук тууралуу орток билдирүү жарыялай аларын да белгилеп, саммит өткөрүлө турган жерге байланыштуу : «Биздин жана Америка тарабы үчүн ылайыктуу боло турган үчүнчү бир өлкө белгиленди»,- деди.
Юрий Ушаков : «Бул жолугушуу көп убакыттан бери пландалып жаткан. Орусия жана АКШ үчүн чоң мааниге ээ. Эл аралык коом үчүн да маанилүү. Бул саммит бул жайдын эң негизги эл аралык окуясы болот»,- деди.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719105219)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719105219)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.