АКШдан Сирия билдирүүсү

АКШ Сирия режиминин өлкөнүн түштүк  - батышында операция жүргүзүүгө даярдангандыгына байланыштуу кабарлардан санааркагандыгын билдирди.

992845
АКШдан Сирия билдирүүсү

 АКШ Сирия режиминин өлкөнүн түштүк  - батышында операция жүргүзүүгө даярдангандыгына байланыштуу кабарлардан санааркагандыгын билдирди.

АКШнын тышкы иштер министрлиги тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Сирия режиминин өлкөнүн түштүк  - батышында жүргүзө турган операциянын кагылышууларды күчөтөрү баса белгиленди. Маалыматта АКШ, Иордания жана Орусиянын өткөн жылы Вьетнамда Сириянын түштүк  - батышында абалды басаңдатуу чечими чыгарылган аймактын ичинде Сирия режиминин операция жүргүзүүгө даярдангандыгына байланыштуу кабарлардан санааркагандыгы белгиленди.  Маалыматта : «Сирия өкмөтүнүн абалдарды тынчтандыруу чечими чыгарылган түштүк  - батыш аймагында жүргүзө турган аскердик операциялары кагылышууларды дагы да күчтөндүрүү ыктымалы бар. Сирия өкмөтү бул аймакта эреже буза турган болсо АКШнын так түрдө жооп берерин кайталайбыз»,- деп айтылды.



Тектеш кабарлар