Орусия космосту тазалайт

Космосто чоң же кичине көлөмдөгү 500 миң бөлүк таштанды бар.

991038
Орусия космосту тазалайт

Орусиянын космостук агенттиги Роскосмос, үч метрдик лазердүү топ аркылуу төмөнкү орбитадагы космостук таштандыларды жок кылууну пландап жатат.  

Бул аппарат, Жердин бетинен 160-2000 километр алыстыктагы кандайдыр бир космостук таштандыларды тазалайт.

НАСАнын билдирүүсүнө караганда, космосто чоң же кичине көлөмдөгү 500 миң бөлүк таштанды бар.

Жердин айланасында орто эсеп менен 30 миң километрдик ылдамдыкта кыймылдаган бул таштандылардын эң кичинекей бөлүгү да спутник жана космостук кемелерге зыян тийгизиши мүмкүн.

Иш-аракеттер ийгиликтүү аяктаган учурда, космостогу таштандылар жана спутниктер үчүн коопсуздук деңгээли арттырылган болот.



Тектеш кабарлар