Дүйнө жүзү күткөн саммит ишке ашты

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Дональд Трамп жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Сингапурда жолугушту.

990771
Дүйнө жүзү күткөн саммит ишке ашты

Дүйнө жүзү күткөн саммит Сингапурда ишке ашты.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Дональд Трамп жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жолугушту.

Дональд Трамп жана Ким Чен Ын Сингапурда Сентоза аралындагы Капелло Отелде жолугушту.

Саммит жергиликтүү убакыт боюнча саат 9:00дө саламдашуу менен башталды.

Лидерлер жолугушуунун алдында медиа мүчөлөрүнө кыскача маалымат беришти.

АКШнын президенти Трамп: «Ийгиликтүү жолугушуу болот. Аябай сыймыктануудамын. Мыкты карым-катнаштарыбыз боло турганына эч шегим жок»,-деди.

Кореянын лидери Ким Чен Ын дагы: «Бул жерде болуу абдан сонун. Өтмүштөгү жаман ойлорубуз жана ой-пикирлерибиз биз үчүн жалаң тоскоол болуп келди. Бул тоскоолдуктарды ашып өттүк жана бүгүн бул жердебиз»,-деди.

Андан соң эки лидер өз алдынча жолугушууга өтүштү.

Өз алдынча жолугушуу 45 мүнөткө созулду.

Лидерлердин бул жолугушууда бир гана котормочулары бар эле.

Эки лидер жолугушуудан кийин баа берүү жасашты.

Дональд Трамп, жолугушуунун абдан жакшы өтүп жатканын белгилеп карым-катнаштарынын мыкты болгонун белгиледи.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын болсо, «Бул жерге ачык пикирлерибиз менен келдик.Сиз менен ийгиликтүү жолугушуу өткөрө турганыма ишенемин»,-деп айтты.

Андан соң делегациялар аралык жолугушууга өтүлдү.

Жолугушуулардан кийин Трамп менен Ким эки өлкөнүн ортосунда кеңири келишимге кол койду.

Экөө кол койгон документ коопсуздук кепилдиктерин камтыйт.

Бул документ менен Түндүк Корея ядролук куралдардан толугу менен баш тартууга кепилдик берди.

Бул документ АКШ-Түндүк Корея карым-катнаштарынын түзүлүүсүн да камтыйт.

Трамп, Түндүк Кореянын лидери Кимди Ак үйгө чакыра турганын жана ядролук куралдан тазалануу процессинин ылдам түрдө баштала турганын айтты.

 



Тектеш кабарлар