Германиянын Гамбург аэропортунда көйгөй бар...

Хардер, коопсуздук себеби менен учактардын учуу жана конуулары камсыздала албаган аэропорттун бошотулганын маалымдады.

984859
Германиянын Гамбург аэропортунда көйгөй бар...

Германиянын Гамбург аэропортунда электр энергиясы үзгүлтүккө учурашынын себебинен учуулар токтотулду.

Гамбург аэропортунун басма сөз катчысы Стефание Хардер, электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашынын кыска туташуудан келип чыгышы мүмкүн экенин белгилеп, бузулуунун жоюлушу үчүн иштер уланып жатканын, бирок канча убакытка созула турганы белгисиз экенин айтты.

Хардер, коопсуздук себеби менен учактардын учуу жана конуулары камсыздала албаган аэропорттун бошотулганын маалымдады.

Немис медиасында Гамбургга коно турган учактар Ганновер жана Бремен аэропортторуна багыттандырылганы боюнча маалыматтар орун алды.

Электр энергиясынын эң оболу терминал-2де болгону жана бул жердеги жүргүнчүлөр терминал-1ге өткөрүлгөнү, андан соң терминал-1де да электр энергиясы үзгүлтүккө учурашынын себебинен аэропорт толугу менен бошотулганы маалымдалды.

Жүргүнчүлөр социалдык медиа тармагынан аэропорттун өздөрүнө жетиштүү маалымат бербегени боюнча даттанышып, электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашынын себебинен эч бир процедура кылынбаганын, жарык нурлар өчкөнүн, желдетүү системасы жана эскалаторлордун иштебегенин бөлүштү.



Тектеш кабарлар