Орусия чет өлкөлүк санкцияарга каршы чара көрөт
Орусиянын Мамлекеттик Думасында АКШ жана башка өлкөлөрдүн Орусияга багытталган ыктымалдуу санкцияларына жооп берүү укугун тааныган мыйзам долбоору кабыл алынды.
Орусия Парламентинин астыңкы баскычы Мамлекеттик Думасында АКШ жана башка өлкөлөрдүн Орусияга багытталган ыктымалдуу санкцияларына жооп берүү укугун тааныган мыйзам долбоору кабыл алынды.
Парламенттин үчүнчү отурумунда кабыл алынган мыйзам долбооруна караганда өкмөт, АКШ жана башка өлкөлөрдүн Орусияга карай санкция киргизүү чечимдерине каршы алдын алуу иштерин аткарат.
Мыйзам менен айрым тармактарда эл аралык кызматташтыктар чектелет же токтотулат, товар жана чийки заттардын импорту же экспорту,менчиктештирүү жана мамлекеттик тендерлерге катышууга тыюу салынат.
АКШнын Орусияга санкция киргизүү чечимдерин чыгарганы боюнча май айында Думага алып келинген мыйзам долбоору, жалпы жыйынга биринчи сунушталганда 16 алдын алуучу беренени камтыйт эле.
Бирок экинчи отурумда Орусиянын фирмаларынын зыянга учуроо ыктымалдуулугуна карата жасалган өзгөртүүлөр менен бул алдын алуулар 6га түшүрүлдү.
Долбоорго «Өзгөргөн шарттарга карата Мамлекет башчыга ылдам чечим чыгаруу мүмкүнчүлүгүн тааныган» бир берене да кошулду.
Мыйзам долбоору, парламенттин үстүңкү баскычы Федерация кеңешинен өткөндөн кийин президент Владимир Путиндин бекитүүсү менен күчүнө кирет.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.