Дүйнө калкынын үчтөн экиси шаардык болот

2030-жылга чейин мега шаарлардын саны 43кө жетет.

973295
Дүйнө калкынын үчтөн экиси шаардык болот

2050-жылы дүйнөдөгү элдин үчтөн экиси шаардык болот.

БУУнун Экономикалык жана коомдук иштер боюнча башкармалыгынын божомолдоолоруна караганда, 2050-жылга чейин дагы 2,5 миллиард киши шаардын элине кошулмакчы.

Ушундайча дүйнө калктынын 68 пайызынын шаарларда жашашы көздөлүүдө.

1990-жылы 10 миллиондон ашуун калкка ээ болгон он гана мега шаардын болгону баса белгиленген отчетто, 2030-жылга чейин мега шаарлардын саны 43кө жетээри белгиленди.

Азияда калктын жарымы, Түндүк Америкада калктын 82 пайызы жана Европада калктын 74 пайызынын шаарларда жашаганы айтылган отчетто, 2050-жылга чейин Индиядагы шаар калкына 416 миллион, Кытайдагы шаар калкына 255 миллион жана Нигериядагы шаар калкына 189 миллион кишинин кошулушу мүмкүн экени сөз кылынды.

Отчетто айрыкча 2028-жылга чейин Индиянын борбор шаары Жаңы Делинин калкынын (29 миллион) Япониянын борбор шаары Токионун калкынан (37 миллион) ашаары божомолдонууда. 



Тектеш кабарлар