Хусилер Сауд Аравияга баллистикалык ракета атты
Атылган ракета чөлгө түштү.
Йеменде башкарууга каршы хусилер Сауд Аравиянын Жазан аймагына баллистикалык ракета атты. Ракета чөлгө түштү.
Сауд Аравиянын расмий кабар агенттиги СПАда орун алган маалыматка ылайык коалиция күчтөрүнүн катчысы Түрки ел - Малики Иран тарабынан колдоого алынган хусилердин Сада аймагынан Жазан облусуна баллистикалык ракета менен кол салгандыгын белгиледи.
Малики баллистикалык ракетанын Жазандагы жарандык отурукташуу жерлерин бутага алышы үчүн учурулгандыгын бирок ракетанын чөл аянтына түшкөндүгүн билдирди.
Бир тараптан хусилерге таандык Ел - Месира телекрсөтүүсүнүн кабарында Жазанда Сауд Аравиянын нефть фирмасы Арамконго таандык бир комплекстин баллистикалык ракета менен бутага алынгандыгы ортого салынды.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.