Жакынкы Чыгыштагы абал тилекке каршы капага салат

Владимир Путин менен Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяхунун жолугушуусу.

967745
Жакынкы Чыгыштагы абал тилекке каршы капага салат

Орусиянын президенти Владимир Путин, 9-Май Жеңиш күнүнүн аземдерине катышуу үчүн өлкөсүнө келген Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху менен жолукту.

Кремлдин жазуу түрүндөгү жарыясына караганда жолугушууда Жеңиш күнүнөн улам фашизм менен күрөшүү жана эки тараптуу карым-катнаштар каралды.

Владимир Путин: «Жакынкы Чыгыштагы абал тилекке каршы капага салат. Бир гана талкулоо үчүн эмес, абалды жумшартууга карай чечүүчү жол табыш үчүн да үмүтүмдү сөз кылгым келип турат»,-деди.

Нетаньяху болсо тарыхтан алган абдан маанилүү сабактарын эч качан унутпагандарын айтып, «Ушуга окшогон мыкаачылык идеолгогиялар (Фашисттик Германиясы) пайда болгон убакта дароо жооп бериш керек»,деген серебин салды.

Путин жана Нетаньяхунун жолугушуусу андан соң жабык эшик артында уланды.



Тектеш кабарлар