Абанын булганышына байланыштуу кишилердин өлүмү

Абанын булганышы дүйнөдө жыл сайын 7 миллион кишинин каза болушуна себеп болду.

964193
Абанын булганышына байланыштуу кишилердин өлүмү

Абанын булганышы дүйнөдө жыл сайын 7 миллион кишинин каза болушуна себеп болду.

Медианы иликтөө жана отчет берүү агенттиги PRNet дүйнөдөгү абанын булганышы жана муну пайда кылган жыйынтыктарды иликтеди.

PRNetтин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан жана медиадан алган маалыматтарына караганда жалпы дүйнөдө 10 кишиден тогузу булганган абага дуушар болууда. Абанын булганышы жыл сайын 7 миллион кишинин каза болушуна себеп болууда. Каза болгондордун 90 пайызы кирешеси төмөн болгон өлкөлөрдөн.

Абанын булганышынын негизги себептери үйлөрдөгү начар энергетика колдонуу, өнөр жай, айыл  - чарба, транспорт жана көмүр запастуу энергетика станциялары.

Эң көп булганган абага дуушар болгон аймактар Азия жана Африка континенттери. Дүйнөдө күн сайын дагы көп өлкө, абанын булганышын иликтөө жана азайтуу тууралуу иштерди аткарууда. Бирок абанын булганышынын глобалдык бир маселе болуу себеби менен бул тууралуу дагы кенен машстабдуу жана координациялуу иштердин аткарылышы керек.

 



Тектеш кабарлар